Суданда премьер-министр жана коалициянын лидерлери камалды

Судандын Маалымат министрлиги, Эгемендүүлүк кеңешинин айрым мүчөлөрү менен өткөөл өкмөттүн кээ бир министрлеринин аскердик күчтөр тарабынан камакка алынганы тууралуу маалыматты бөлүштү.

1724352
Суданда премьер-министр жана коалициянын лидерлери камалды

Суданда бир топ аскерлер эртең менен премьер-министр Абдулла Хамдук менен коалициялык өкмөткө мүчө партиялардын лидерлерин кармашты.

Андан кийин борбор шаар Хартумдун айрым аймактарында нааразылык акциялары башталды. Айрым жолдордо демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, жолдорду кыймылга жаап салышканы белгиленди.

Судандын Маалымат министрлиги, Эгемендүүлүк кеңешинин айрым мүчөлөрү менен өткөөл өкмөттүн кээ бир министрлеринин аскердик күчтөр тарабынан камакка алынганы тууралуу маалыматты бөлүштү.

Судандын саясий партиялары төңкөрүш аракетинен кийин жарандык баш ийбөөчүлүккө чакырса, Судандын кесиптик палаталар биримдиги элди көчөгө чыгууга чакырды.

Өлкөдө аскердик ишмердүүлүктөн кийин интернетте жана телефон линияларында үзгүлтүктөр болуп жатат.



Тектеш кабарлар