Израиль Батыш Шериадагы 1355 үй үчүн тендер жарыялоодо...

Израилдин турак-жай министри Зеев Элки Walla News сайтындагы билдирүүсүндө:"Жүйүт менен Самариядагы жөөттөрдүн конуштарын кеңейтүү сионисттик көрүнүш үчүн зарыл жана маанилүү",-деп айтты.

1724448
Израиль Батыш Шериадагы 1355 үй үчүн тендер жарыялоодо...

Израиль басып алган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста жөөт конуштарына 1355 жаңы үй куруу үчүн тендер ачаарын жарыялады.

Израилдин турак-жай министри Зеев Элки Walla News сайтындагы билдирүүсүндө:"Жүйүт менен Самариядагы жөөттөрдүн конуштарын кеңейтүү сионисттик көрүнүш үчүн зарыл жана маанилүү",-деп айтты.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин тендер ачуу чечимин айыптады.

Билдирүүдө: “Израиль бул маселеде эл аралык коомчулуктун жана АКШнын позициясын этибарга албай, колониялык конуштарды курууну жана Палестина жерлеринде оккупациялык долбоорлорду ишке ашырууну ачык эле талап кылууда»,-деди.

Басып алынган Чыгыш Кудста 13, Батыш Шериада 253 мыйзамсыз жөөт конуштары бар.

Бул жерлерде жашаган 660,000ден ашуун жөөт отурукташуучусу, оккупация астында жашаган палестиналыктардын жашоосун ого бетер кыйындатууда.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, оккупацияланган Палестина аймагындагы бардык жөөт конуштары мыйзамсыз деп эсептелет.



Тектеш кабарлар