АКШ жарандары ооган качкындарына демөөрчүлүк кыла алат

Бул тууралуу Американын CNN телеканалынын кабарында маалымат берилди.

1724001
АКШ жарандары ооган качкындарына демөөрчүлүк кыла алат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) администрациясы жарандарга, өзгөчө согуш ардагерлери баш болгон өлкөдөгү ооган качкындарына демөөрчүлүк кылуу мүмкүнчүлүгүн берери жарыяланды.

Американын CNN телеканалынын кабарында АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы өлкөдөгү аскерий базаларда калган 55 миңден ашуун ооган качкындарын туруктуу жайгаштыруу үчүн демөөрчүлүк программасынын үстүндө иштеп жатканы кабарланган.

АКШдагы качкындар системасынын ушул күнгө чейин эң чоң өзгөрүүсү катары сыпатталган программанын алкагында 18 жаштан жогорку АКШ жарандарынын 5 кишиден турган топторду түзүп, демөөрчүлүккө кайрыла ала турганы белгиленди.

Демөөрчүлөр керектүү коопсуздук текшерүүлөрүнөн өткөндөн кийин 90 күнгө чейин ооган үй-бүлөлөрүнө каржылык колдоо кампанияларын уюштуруп, керек болсо бир үй-бүлөгө демөөрчүлүк кылаары маалымдалды.

Бийликтин Ооган келгиндер программасынын башчысы, Делавэр штатынын мурдагы губернатору Жек Маркелл, бул программа согуш ардагерлеринин өтүнүчү менен АКШга кызмат өтөгөн ооган качкындарын тосуп алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты.



Тектеш кабарлар