Суданда болгон митингдер

Митингдерге коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүндө 32 адам жаракат алды.

1723473
Суданда болгон митингдер

Суданда жалпы өлкөдө жарандык башкарууну талап кылган митингдерге коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүндө 35 адам жаракат алды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда митингдерде коопсуздук күчтөрү газ бомбасы, пластикалык жана чыныгы ок менен кийлигишип, 35 адам жаракат алды.

Көз карандысыз Судан Борбордук дарыгерлер комитети коопсуздук күчтөрүнүн митингчилерди таркатуу үчүн  кийлигишүүсүндө 37 митингчинин жаракат алганын, алардын ичинен төрт адамга чыныгы ок тийгендигин билдирди.  

Өкмөттү таркатуу талабы менен борбор шаардын түрдүү жерлеринде 6 күндөн бери болуп келе жаткан митингдер менен бирге миңдеген өкмөт колдоочусу да жалпы өлкөдө жарандык башкаруу жана төңкөрүшкө ээ чыгууга чакырышты.



Тектеш кабарлар