БУУ Кытайга Шинжаң-Уйгур автономиялуу району үчүн чакырык салды

БУУнун Башкы ассамблеясынын адам укуктары боюнча 3-комитетинде 43 өлкө биргелешкен билдирүү жасап, Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушуна тынчсызданганын маалымдашты.

1723501
БУУ Кытайга Шинжаң-Уйгур автономиялуу району үчүн чакырык салды

Түркия да арасында болгон 43 өлкө Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Шинжаң -Уйгур автономиясындагы уйгур түрктөрүнө жана берки мусулман азчылыктарына кысым жана зомбулук көрсөткөнү менен айыпталган Кытайга, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен көз карандысыз байкоочулардын аймакка дароо жана тоскоолдуксуз кирүүсүнө уруксат берүү чакырыгы айтылды.

БУУнун Башкы ассамблеясынын адам укуктары боюнча 3-комитетинде 43 өлкө биргелешкен билдирүү жасап, Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушуна тынчсызданганын маалымдашты.

Ишенимдүү отчеттордун 1 миллиондон ашык адамдын себепсиз камакка алынган лагерлердин бар экенин көрсөткөнүнө көңүл бурулган билдирүүдө, кыйноолорду, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлаган мамилени, мажбурлап тукумсуздаштырууну, сексуалдык зомбулукту жана балдарды үй-бүлөсүнөн мажбурлап ажыратууну документтештирген отчеттордун санынын өскөндүгү айтылды.

Билдирүүдө уйгурларга жана берки азчылыктарга ченемсиз байкоо жүргүзүү улантылганы белгиленип, Шинжаң -Уйгур автономдук районундагы уйгур түрктөрүн жана берки мусулман азчылыктарды куугунтуктоодо айыпталып жаткан Кытайга "БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары менен көз карандысыз байкоочуларына аймакка токтоосуз жана тоскоолдуксуз барууга уруксат берүү чакырыгы салынды.

Билдирүүдө ошондой эле Кытай эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана адам укуктарын урматтоого чакырылды.



Тектеш кабарлар