Трамп өзүнүн социалдык медиа платформасын ишке киргизүүдө

Дональд Трамп билдирүүсүндө өзүнүн платформасынын "чоң технологиялык компаниялардын зулумдугуна каршы турарын" белгиледи.

1722934
Трамп өзүнүн социалдык медиа платформасын ишке киргизүүдө

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурунку президенти Дональд Трамп келерки айда өзүнүн "TRUTH Social" социалдык медиа платформасын ачууну пландап жатканын билдирди.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Дональд Трамп билдирүүсүндө өзүнүн платформасынын "чоң технологиялык компаниялардын зулумдугуна каршы турарын" белгилеп, бул компаниялар АКШдагы оппозициянын үнүн басууда деп айыптады.

Трамп: «Биз талибдердин Твиттерде чоң катышуусу бар, бирок сиздин сүйүктүү америкалык президентиңиздин оозу жабылган дүйнөдө жашап жатабыз. Бул кабыл алынгыс»,-деди.

TRUTH Socialдын кийинки айда тандалган коноктор үчүн ачыла турганын айткан Трамп, бул платформанын 2022-жылдын биринчи чейрегинде да колдонуучулар менен жолугушуусу пландалганын айтты.

Социалдык медиа платформалары Twitter, Google'га таандык YouTube жана Facebook Трамптын Конгресстеги окуяларга салым кошкондугу жана 2020-жылдагы президенттик шайлоодо бурмалоолор болду деген айыптоолордон улам 6-январда баракчаларын жаап коюшкан эле.



Тектеш кабарлар