Кытай желектүү кемелер Япония чек арасына кирди

Кытайдын желеги илинген 4 жээк коопсуздук кеме Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасынан Япония сууларына кирди.

1722946
Кытай желектүү кемелер Япония чек арасына кирди

Кытайдын желеги илинген 4 жээк коопсуздук кеме Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку аралдарынын айланасынан Япония сууларына кирди.

Окинава штатынын Наха районундагы 11 -  аймактык жээк коопсуздук штабынын билдиргенине караганда Кытайга таандык кемелер Япониянын улуттук суу эрежелерин бузду. Бул кемелер Минами Кожима менен Уотсуридзима аралдарына жакындап, Япониянын аймактык сууларын камтыган   талаштуу аймакта эки саатка жакын турду.

Кемелер андан кийин Кубашима аралынын 26  километр түштүк  - батышында карай кетти.

Япония жээк коопсуздугунун аймактан чыгуу тууралуу эскертүүсү менен Кытайга таандык кемелер аймактан чыгышты.

Коомдук телерадиокомпания NHK билдиргендей, акыркы жолу 19 - сентябрда  эреже бузган Кытай желеги илинген  кемелер быйыл 30 -жолу Япония сууларына киришти.

 



Тектеш кабарлар