Кабулда Талибан унаасына кол салуу болду

Кол салууда 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды.

1722284
Кабулда Талибан унаасына кол салуу болду

 Афганистандын борбор шаары Кабулда Талибан күчтөрүнө таандык унаага бомбалуу кол салуу болуп, 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды.

Жетекчилердин берген маалыматына караганда Кабулдун Дехмезенг кесилишиндеги Талибан күчтөрүнө таандык унаага граната менен кол салуу болду. Кол салууда 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Көргөн күбөлөр кол салууда 7 адамдын жаракат алганын айтышты. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар