АКШда Pfizer-BioNTechтин жаштарда 93 пайыз эффективдүү экендиги билдирилди
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборлорунун маалыматына караганда өлкөдө 12 – 15 жаш арасындагы жаштардын 46 пайызы 16 – 17 жаштагылардын 54 пайызы вакциналарын толук алды.
АКШда Pfizer-BioNTechтин Ковид - 19 вакцинасынын 12 – 18 жаштагы адамдарда 93 пайыз эффективдүү болгондугун билдирди.
АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборлору жаңы изилдөөгө караганда Pfizer-BioNTech вакцинасынын 12 – 18 жаштагылардын ооруканага жатышын алдына алуу боюнча 93 пайыз эффективдүү болгондугун жарыялады.
Изилдөө үчүн июнь - сентябрь айларынын арасында 19 балдар ооруканасындагы Ковид - 19 бейтабы тууралуу иликтөө жүргүзгөн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборлору 179 бейтаптын 3 пайызынын гана эмделгендигин, 97 пайызынын эмделбегендигин аныктады. Бул бейтаптардын арасында интубацияланган 29 бейтап жана каза болгон 2 бейтаптын эмделбегендиги белгиленди.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборлору АКШда 5 – 11 жаш арасында Ковид - 19 эмдөөсүнө даярдалган мезгилде жарыяланган бир изилдөөнүн жаштардын эмделишинин вирустун жайылуу ылдамдыгын акырындатарын жана балдарды аз болсо да оор оорулардан коргой тургандыгын көрсөткөндүгү баса белгиленди.
Мекеме изилдөөнүн жыйынтыгы Ковид-19 вакцинасынын жаштарга тийгизген таасири тууралуу ушул күнгө чейин жарыяланган эң күчтүү далил экенин билдирди.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборлорунун маалыматына караганда өлкөдө 12 – 15 жаш арасындагы жаштардын 46 пайызы 16 – 17 жаштагылардын 54 пайызы вакциналарын толук алды.