Украина 237 адамга санкция салды

Украина башкаруусу Россия мыйзам тышы аннексиялаган Крымда шайлоо өткөрүшүнө байланыштуу 237адамга санкция салуу чечимин чыгарды.

1720458
Украина 237 адамга санкция салды

Украина башкаруусу Россия мыйзам тышы аннексиялаган Крымда шайлоо өткөрүшүнө байланыштуу 237 адамга санкция салуу чечимин чыгарды.

Украина улуттук коопсуздук жана коргоо комитетинин секратары Алексей Данилов комитеттин жыйынынан кийин маалымат берди. Данилов жыйында Россия мыйзам тышы аннексиялаган Крымда шайлоо өткөрүшүнө байланыштуу 237 адамга санкция салуу чечимин чыгарышкандарын айтты. Данилов андан тышкары жыйында Украина коргоо планын кабыл алышкандарын билдирди.

Санкциялар Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин макулдугунан кийин күчүнө кирет. Зеленский 5 - октябрда Россия мыйзамсыз аннексиялаган Крымда шайлоо өткөргөнү үчүн 95 кишиге, анын ичинде орус жарандарына каршы санкцияларды күчүнө киргизген.

Россияда 17-19 - сентябрда парламенттин төмөнкү палатасына, Мамлекеттик Думага, 39 федеративдик регионунун парламентине жана кээ бир региондордо аткаруу жана жергиликтүү шайлоолорго добуш берүү болду.

Украина башкаруусуРоссиянын Крымдагы шайлоосуна эл аралык мыйзамдарды бузду деген негизде каршы чыкты.



Тектеш кабарлар