Сергей Лавров Ирандын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Лавровдун Абдуллахиян менен сүйлөшүүсүндө Иран атомдук келишими тууралуу абалдын талкуулангандыгы белгиленди.

1720185
Сергей Лавров Ирандын  тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Ларов Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Лавровдун Абдуллахиян менен сүйлөшүүсүндө Иран атомдук келишими тууралуу абалдын талкуулангандыгы белгиленди. 

Бул келишимдин мааниси баса белгиленген билдирүүдө : "Жолугушууда атомдук келишимди баштапкы тең салмактуу абалына кайтарууга кызыкдар тараптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоонун бирден - бир туура жолу экени тастыкталды. Венада келишим тууралуу  сүйлөшүүлөрдү  мүмкүн болушунча тез арада кайра баштоо тууралуу  эки тарап тең кызыгуу көрсөттү",- деп билдирилди. 

Билдирүүдө Лавров менен Абдуллахияндын   6 -  октябрда борбор шаар Москвада жолугушкандыгы эске салынып, эки тараптын эки тараптуу карым  - катнаштарды карап чыгышкандыгы маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар