Индия чет өлкөлүк туристтерге эшигин ачты

Вакцинанын эки дозасын алган жеке каттамдардын жүргүнчүлөрү бүгүнтөн тарта Индияга бара алышат.

1720211
Индия чет өлкөлүк туристтерге эшигин ачты

Индия коронавирустун (Ковид-19) учурлары азайгандан кийин киргизилген акыркы эрежелер менен чет өлкөлүк туристтерге эшигин ачты.

Вакцинанын эки дозасын алган жеке каттамдардын жүргүнчүлөрү бүгүнтөн тарта Индияга бара алышат, ал эми пландык каттамдар менен өлкөгө бара турган туристтер 15-ноябрдан баштап Индияга кире алышат.

Ички иштер министрлиги жарыялаган чечим, өлкөдөгү күнүмдүк Ковид-19 бейтаптарынын саны май айындагы 400 миңдик өсүүдөн кийин 20 миңден төмөндөшү жана эмделген адамдардын саны көбөйгөндөн кийин кабыл алынды.

Өлкөгө бара турган туристтер карантинге алынабы же жокпу азырынча белгисиз, бирок бара тургандардын эки доза эмдөө алуулары жана акыркы 72 сааттын ичинде Ковид-19 терс анализи тапшырылышы керек.



Тектеш кабарлар