Афганистанда сенаттын мурдагы мүчөсүнө кол салуу болду

Афганистандын Гор провинциясынын мурдагы сенатору Ахмад Хан куралдуу кол салууда каза болду.

1720201
Афганистанда сенаттын мурдагы мүчөсүнө кол салуу болду

Афганистандын Гор провинциясынын мурдагы сенатору Ахмад Хан куралдуу кол салууда каза болду.

Жергиликтүү бийликтер Хандын   Гор провинциясынын Девлетяр районунда ким экендиги белгисиз куралдуу кишилердин кол салуусуна учурагандыгын кабарлашты.

Кол салууда Хан менен  жээнинин каза болгондугун билдирген жетекчилер  кол салуучулардын аймактан качып кетишкендерин маалымдашты.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек. 

Талибандын Афганистанда бийликти колго алышы менен ДЕАШ террордук уюм кол салууларын күчөттү. Өлкөнүн чыгышындагы Нангархар аймагында 12 -  октябрда адам укуктары боюнча активист Абдурахман Мавин ДЕАШ тарабынан өлтүрүлгөн.

 

 

 



Тектеш кабарлар