Мексикада бороон-чапкын боюнча эскертүү берилди

«Памела» бороонунун Жалиско аймагынын жээгинде эртең мененки саатта күчүн арттырып 1-категорияга жеткени кабарланды.

1718823
Мексикада бороон-чапкын боюнча эскертүү берилди

Мексика катуу шамал жана жамгырга себеп болушу күтүлгөн «Памела» бороону боюнча коңгуроо какты.

Улуттук суу комиссиясынын (Конагуа) билдирүүсүндө, «Памела» бороонунун Жалиско аймагынын жээгинде эртең мененки саатта күчүн арттырып 1-категорияга жеткени кабарланды.

Өлкөнүн түндүк-батышына таасирин тийгизе турган бороон эртең дагы да күчөп Синалоа аймагынын жээгине жетет деп күтүлүүдө.

Бороон-чапкын жакындап келе жаткандыктан Синалоа аймагына катуу жамгыр жаап жатса, жетекчилер аймактагы бардык мектептердин убактылуу жабылганын билдиришти.

Ошондой эле бир канча аймакта катуу жамгырга, ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жеткен шамалга жана океандын жээгинде 5 метрдик толкундарга себеп болоору күтүлүүдө.

Бороон-чапкындын түндүк-чыгышка карай жылып эртең Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатына жетет деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар