АКШдагы климаттык апааттардын чыгымдары

Климаттык кырсыктар болжол менен 105 миллиард долларлык зыян келтирди.

1718940
АКШдагы климаттык апааттардын чыгымдары

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) быйыл болгон 18 аба жана климаттык кырсыктар ушул убакка чейин болжол менен 105 миллиард долларлык зыян келтирди.

Улуттук Океан жана атмосфера башкармалыгынын Айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук боюнча улуттук борборлорунун акыркы отчетуна ылайык, 2021-жылдын тогуз айында өлкөдө 18 аба жана климаттык кырсык болуп, ар бири 1 миллиард доллардан кем эмес чыгымга учуратты.

Отчетто өткөн жылы 22 аба окуясы болгону жана булар 100,4 миллиард долларга жакын зыян келтирилгени эске салынып, ушул жылдын тогуз айындагы 18 аба жана климаттык кырсыктын 104,8 миллиард долларлык чыгым алып келгени баса белгиленди.

Августта өлкөнүн түндүк-чыгышында жана Луизиана штатында болгон İda бороон-чапкыны 64,5 миллиард доллар менен быйыл эң көп зыян келтирген кырсык катары катталды. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө кургакчылык жана токой өрттөрү, февралда Техас жана анын тегерегиндеги штаттарда болгон катуу суук жана быйылкы бороон -чапкындар орто эсеп менен 18 миллиард долларлык чыгымга учуратканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар