Йеменде 156 хуси жок кылынды

Сауд Арабия жана Америка учактары бүгүн Абдия районуна 50 жолу кол салды.

1718471
Йеменде 156 хуси жок кылынды

Йемендин Мариб шаарында жүргүзүлгөн аба операциясынын натыйжасында 156 хуси жок кылынды.

Сауд Арабиянын маалымат агенттиги SPAнын кабарына караганда араб коалициясы акыркы 24 саатта Мариб шаарынын Абдийе районундагы хусилерге таандык аскердик унаалар бутага алынган 33 аба операциясын жүргүзгөндүгүн билдирди. Аба операцияларында 156 хуси өлтүрүлүп, 8 аскердик унаа атылды.

Бир тараптан хусилерге караштуу Саба маалымат агенттигинин жергиликтүү булактан алган маалыматына караганда Сауд Арабия жана Америка учактары бүгүн Абдия районуна 50 жолу кол салды.

Абадан кол салууларында үйлөр, айыл- чарба тармактары жана менчик мүлктөр зыян тартты.



Тектеш кабарлар