Жапония менен АКШнын Индо-Тынч океан аймагында кызматташтыкты улантуу чечими...

Жапониянын тышкы иштер министри Тошимицу Мотеги бүгүн америкалык кесиптеши Антони Блинкен менен 15 мүнөттөй телефон аркылуу сүйлөшкөнү билдирилди.

1716193
Жапония менен АКШнын Индо-Тынч океан аймагында кызматташтыкты улантуу чечими...

Жапония менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагынын максатына жетүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты улантууга макул болушту.

Жапониянын тышкы иштер министри Тошимицу Мотеги бүгүн америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен 15 мүнөттөй телефон аркылуу сүйлөшкөнү билдирилди.

Экөөнүн аймактык жана глобалдык темалар, өзгөчө Түндүк Кореяга багытталган коопсуздук маселеси жана Кытайдын деңиздерде аскердик күчүнүн көбөйүшү боюнча пикир алмашканы маалым болду.

Мотеги менен Блинкендин эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагынын максатына жетүү үчүн кызматташтыгын улантууга макулдугу билдирилгени, ошондой эле глобалдык климаттын өзгөрүшү сыяктуу көптөгөн маселелердин талкууланганы белгиленди.

Жапониянын жаңы премьер -министри Фумио Кишида дүйшөмбү күнү (4 -октябрда) расмий түрдө ишке киришти жана премьер -министрлик кызматка киришкенден кийин АКШнын президенти Жо Байден менен биринчи жолу дипломатиялык байланышка чыкты. Кишида ошондой эле жаңы түзүлгөн өкмөттө Мотегини тышкы иштер министри катары калтыргандыктан, бүгүнкү Мотеги-Блинкенин сүйлөшүүсү Кишиданын тышкы саясатта туруктуу позицияга умтулгандыгынын көрсөткүчү катары чечмеленди.



Тектеш кабарлар