Ливияда Өкүлдөр палатасы парламенттик шайлоо мыйзамын жактырды

Өкүлдөр Палатасынын басма сөз катчысы Абдулла Билейхик социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

1714964
Ливияда Өкүлдөр палатасы парламенттик шайлоо мыйзамын жактырды

Ливияда Өкүлдөр палатасы  24 - декабрга белгиленген парламенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамды жактырды.

Өкүлдөр Палатасынын басма сөз катчысы Абдулла Билейхик социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

Абдулла Билейхик : «Өкүлдөр палатасы бүгүнкү отурумунда парламенттик шайлоо мыйзамын жактырды. Ушундайча палата президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн керектүү мыйзамды акырына чыгарды»,-  деп билдирди.

Өлкөдө 24 -  декабрда президенттик жана парламенттик шайлоонун бирдикте өткөрүлүшү пландалууда.

Мамлекеттик Жогорку Кеңеши менен Өкүлдөр палатасынан турган ливиялык тараптар эки шайлоонун тең өткөрүлүшү үчүн зарыл болгон укуктук инфраструктураны аныктоо боюнча бир нече айдан бери бир пикирге келе алышкан эмес.

Өкүлдөр палатасынын төрагасы жана өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин саясий союздашы Акиле Салих 8 -  сентябрда бир тараптуу бул укуктук инфраструктураны белгилеген мыйзам чыгаргандыгын билдирген.

Салихтин парламентте добушка сунбастан жана Мамлекеттик Жогорку Кеңешке кайрылбастан чыгарган мыйзам Мамлекеттик Жогорку Кеңеш тарабынан четке кагылган.

Мамлекеттик Жогорку Кеңештен Өкүлдөр палатасынын чыгарган парламенттик шайлоо мыйзамын кабыл алып же кабыл албай турганына байланыштуу азырынча маалымат бериле элек.

 



Тектеш кабарлар