Европалыктар кофеге көп каражат сарпташты

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр өткөн жылы 7, 5 миллиард евролук кофе импорттоду.

1713458
Европалыктар кофеге көп каражат сарпташты

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр өткөн жылы 7, 5 миллиард евролук кофе импорттоду.

Европа  Статистика Бюросу (Евростат) 1 - Октябрь Эл аралык Кофе Күнүнө байланыштуу 27 мүчө өлкөнүн 2020 - жылдагы кофе импортуна байланышту  маалыматтарды бөлүштү.

Маалыматтарга караганда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр өткөн жылы жалпы 2, 9  миллион тонна кофе импорттогон.

Европа Биримдиги өлкөлөрү бул кофе импорту үчүн 7, 5 миллирд евро төлөдү.

Европа Биримдигинин кофе импортунда биринчи орунду 933 000 тонна менен Бразилия алды. Бразилиядан кийин 642 000тонна менен Вьетнам, 216 000 тонна менен Гондурас, 166 000тонна менен Уганда, 154 000 тонна менен Колумбия, 108 000 тонна менен Индия, 96 000 тонна менен Перу, 78 000 тонна менен Индонезия жана Эфиопия келди.

Бул мезгилде Германия 1,1 миллион тонна, Италия 559 000 тонна, Бельгия 309 000 тонна, Испания 274 000 тонна жана Франция 205 000 тонна кофе импорттогон.

Европа Биримдиги өлкөлөрү 2020 - жылы 1,9 миллион тонна куурулган кофе өндүрүштү,  жалпы баасы 11 миллиард евро болду.



Тектеш кабарлар