Францияда вакцина чуусу

250 француз жараны мөөнөтү бүткөн Pfizer вакцинасы менен эмделди.

1713443
Францияда вакцина чуусу

Франциянын Луара аймагында 100ү бала 250 адамга мөөнөтү өтүп кеткен Pfizerдин коронавирус (Ковид-19) вакцинасы сайылды.

France Bleue радиосу тарабынан күн тартибине киргизилген кабарга караганда, Луара аймагында жашаган болжол менен 250 француз жараны мөөнөтү бүткөн Pfizer вакцинасы менен эмделди.

Вакцинанын дозасы мектеп жашындагы 100 балага да сайылгандыгы жарыяланды.

Франциянын дары-дармек коопсуздугу боюнча улуттук агенттиги эмделген жүздөгөн адамдардын ден-соолугу үчүн кандайдыр бир коркунуч жаралбаганын билдирди.

Агенттиктин билдирүүсүндө, сайылган дозанын Ковид-19га каршы эффективдүүлүгүнө кепилдик берүү мүмкүн эместиги, андыктан окуучуларга жаңы дозалар берилери айтылды.



Тектеш кабарлар