Кытай Байдендин "суук согуш болбойт деген билдирүүсүн ишке ашыруусун каалайт

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь АКШ суук согуш логикасынан баш тартып, чара көрөрүнө ишенгендигин белгиледи.

1712100
Кытай Байдендин "суук согуш болбойт деген билдирүүсүн ишке ашыруусун каалайт

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо  Байдендин Кытай менен "жаңы суук согушту" баштоо ниетинин жок экендиги тууралуу  билдирүүсүн турмушка ашырарын ойлоп жаткандыгын айтты.

Чжан дүйшөмбү күнү аяктаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын лидерлер жыйынынан кийин онлайн өткөргөн  пресс – жыйында сөз сүйлөдү.

АКШнын "Кытайга каршы тирешүү позициясынан" жана "чагымчыл  кол салуулардан"  алыс болушу керектигин айткан Чжан,  Байдендин Кытай менен жаңы суук согушту каалабагандыгы тууралуу айткан сөздөрүнө ылайык иш кылышын күтүшөрүн билдирди.

Туруктуу өкүл АКШ суук согуш логикасынан баш тартып, чара көрөрүнө ишенгендигин белгиледи.

Чжан : "Эки тарап тең бири - бирине карай баса турган болсо,  бекем жана туруктуу  Кытай - АКШ карым  - катнаштарынын түзүлөрүнө ишенем. Болбосо, кооптонуулар кала берет",- деди.

БУУнун баш катчысы Антони Гутерриш Кытай менен АКШны "суук согуш" тууралуу эскертип, начар болгон мамилелерин оңдоосун суранган.



Тектеш кабарлар