БУУ Эрдоган менен Путинге чакырык салды

Педерсен: «Идлибдеги кырдаалдын Путин-Эрдоган жолугушуусунда маанилүү маселе болоруна ишенем жана бул лидерлерди тынчтыкты камсыздоого чакырам. Көп нерсе буга байланыштуу».

1711983
БУУ Эрдоган менен Путинге чакырык салды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен, бүгүн жолугуша турган президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путинден Сириянын Идлиб аймагында тынчтыкты камсыздоону суранды.

Педерсен БУУнун Коопсуздук Кеңешине берген брифингинде, Идлибде өзгөчө Түркия-Сирия чек арасында качкындар жайгашкан лагерлерге каршы кол салуулардын күч алганына көңүл буруп: «Идлибдеги кырдаалдын Путин-Эрдоган жолугушуусунда маанилүү маселе болоруна ишенем жана бул таасирдүү лидерлерди тынчтыкты камсыздоого чакырам. Көп нерсе буга байланыштуу», деп айтты.

Конституциялык комитеттин кайрадан чогулуусу үчүн тараптарга чакыруу жиберилгенин айткан Педерсен, комитеттин 6-жыйыны үчүн 18-октябрда Швейцариянын Женева шаарына бараарын, жыйындан бир күн мурун болсо теңтөрагалар менен жолугуша турганын айтты.



Тектеш кабарлар