Сомалиде кол салуу болду

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек болсо да, өлкөдөгү террордук уюм Еш-Шабабдын бат - баттан коопсуздук күчтөрү менен эл жашаган пункттарга кол салгандыгы белгилүү.

1710418
Сомалиде кол салуу болду

Сомалинин борбору Могадишодо бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда 7 киши каза болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарындагы кабарга караганда, Могадишонун Сеелгааб аймагында болгон кол салууда 8 киши жараланды. Аскердик булактардан алынган маалыматка караганда, Түркиянын Могадишо элчилигинен жана Сомалинин Түрк Жумушчу күчтөрүнүн командирлигинен алысыраак жерде болгон кол салууда түрк тараптан эч кандай жоготуу болгон жок.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек болсо да, өлкөдөгү террордук уюм Еш-Шабабдын бат - баттан коопсуздук күчтөрү менен эл жашаган пункттарга кол салгандыгы белгилүү. 



Тектеш кабарлар