Абанын булганышы COVID-19га чалдыгуу коркунучун жогорулатууда

Бельгиянын Саламаттык сактоо Кеңешинин отчету.

1709538
Абанын булганышы COVID-19га чалдыгуу коркунучун жогорулатууда

Абанын булганышы коронавирусту (Ковид-19) жуктуруп алуу жана ооруну оор өткөрүү коркунучун жогорулатууда.

Бельгиянын Саламаттык сактоо Кеңеши жарыялаган отчетко караганда, экологиялык таасир, климат жана абанын булганышынын параметрлеринин вирустун жугуу ылдамдыгына байланышканын көрсөттү.

Отчетто ысык аба, нымдуулук жана жугуунун ортосундагы байланыш так көрсөтүлбөсө да, вирустун жылуулук жана нымдуулуктан таасирлениши мүмкүн экени, жай мезгилинде жугуу коркунучунун жогорулагандыгы ырасталды.

Климаттык максаттардын глобалдык жылуулук үчүн гана эмес, учурдагы саламаттык сактоо кризиси менен күрөшүү үчүн да маанилүү экени баса белгиленген отчетто, экологиялык жана медициналык көрсөткүчтөрдүн байкоо жана эскертүү системасына структуралык интеграциясынын келечектеги вирустук кризистердин алдын алууда ныйжалуу болору белгиленди.

Европанын айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Европа Биримдигинде иликтеген 323 шаардын жарымынан көбүндө абанын сапаты начар экенин аныктаган.



Тектеш кабарлар