БУУнун баш катчысы Түркияга ыраазычылыгын билдирди

Антониу Гутерриш, Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү жана Нью -Йорктун Башкы консулдугу жайгашкан Нью -Йорктогу Жаңы Түркеви имаратынын ачылышында, Түркия менен БУУнун ортосунда эң сонун кызматташтык бар экенин айтты.

1708498
БУУнун баш катчысы Түркияга ыраазычылыгын билдирди

 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш, «Сизге (Түркия) коргоого муктаж качкындарды колдогонуңуз үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет»,-деди.

Антониу Гутерриш, Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү жана Нью -Йорктун Башкы консулдугу жайгашкан Нью -Йорктогу Жаңы Түркеви имаратынын ачылышында, Түркия менен БУУнун ортосунда эң сонун кызматташтык бар экенин айтты.

«Мен Түркиянын жана түрк коомунун качкындарга карата эбегейсиз кең пейилдиги менен жеке таанышмын»,-деп айткан Гутерриш: «Коргоого муктаж качкындарга көрсөткөн колдооңуз үчүн сизге (Түркия) чын дилимден ыраазычылык билдирем», - деди.

Согуштардан, зомбулуктан, эзүүдөн жана адам укуктарын бузуудан качкандардын саны рекорддук чекке жеткенин белгилеген Гутерриш: «Түркия эл аралык коомчулуктун колдоосу менен колунан келгендин баарын кыла берерине ишенем. Бул баарыбызды тынчсыздандырган тилектештик»,-деп айтты.

Чыр-чатакты токтотуу үчүн эң маанилүү куралдардын бири болгон ортомчулуктун достору тобуна Түркиянын үзгүлтүксүз колдоосун кубаттай турганын билдирген Гутерриш, Түркия менен тыгыз кызматташтыктын улана турганын кошумчалады.

Гутерришти кийин президент Эрдоган кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Сирия, Ливия, Ооганстан жана Кипр маселелери талкууланды.



Тектеш кабарлар