Россиянын Пермь университетинде куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 8 киши каза болду.

1708104
Россиянын Пермь университетинде куралдуу кол салуу болду

Россиянын Пермь университетинин имаратына болгон куралдуу кол салууда 8 адам каза болду.

Пермь университетинен берилген маалыматта университеттин имаратында бир кишинин курал менен туш келди ок аткандыгы, студенттер менен мугалимдердин класстарда жашынгандыгы билдирилди. 

Россиянын маалымат каражаттарында орун алган көрүнүштөрдө имараттын  терезелеринен секирип качууга аракет кылганы, айрымдарынын класстардын каалгаларынын алдында стулдар менен баррикада курагндыгы көрүнүүдө. 

Ички иштер министрлиги кол салууда каза болгондор менен жаракат алгандардын бар экени тууралуу маалыматты бөлүшүп, окуядан кыска убакыттан кийин кол салуучу атылып, таасирисз абалга келтирилгендигин жарыялады.

Россия Териштирүү Комитети да берген билдирүүдө Пермь университетиндеги куралдуу кол салууда кеминде 8 адамдын каза болгондугун жана жаракат алгандардын бар экендигин билдирди. Маалыматта университеттин студенти экендиги белгиленген кол салуучунун таасирсиз абалга келтирилгендиги, окуя тууралуу тергөө ишинин ачылгандыгы маалымдалды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар