АКШ армиясы менен чалгын кызматы Кабулдагы кол салуу боюнча бири -бирин күнөөлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы менен чалгын кызматы Ооганстандын борбору Кабулда 10 жай тургундун өмүрүн алган кол салуу боюнча бири -бирин күнөөлөштү.

1707660
АКШ армиясы менен чалгын кызматы Кабулдагы кол салуу боюнча бири -бирин күнөөлөштү

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы менен чалгын кызматы Ооганстандын борбору Кабулда 10 жай тургундун өмүрүн алган кол салуу боюнча бири -бирин күнөөлөштү.

АКШнын Борбордук Күчтөрүнүн (CENTCOM) командири Кеннет Маккензи 17 -сентябрда басма сөзгө чыгып, 29 -августта Кабулда жасаган чабуулда кайрымдуулук кызматкеринин унаасын бутага алганын, 7си балдардан турган 10 бейкүнөө жаран өлтүрүлгөнүн жарыялап жатып чалгындоону жашыруун сынга алышы аскерлер менен чалгындын ортосунда ажырымды пайда кылды.

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) жакын булактар CNN медиа агенттигине сүйлөп жатып, америкалык армияга Hellfire ракетасы ак түстөгү Тойота унаасына учурулганга чейин эле жарандар тууралуу эскертүү берилгенин ырасташты.

Булактар ​​ЦРУнун чабуул болгон аймакта жана жарандардын унаасында балдар бар экенин билдирген шашылыш код менен армияга жибергенин жана алар армиянын чалгын кызматына кайтып жооп берип-бербегенин билбегенин билдиришти.

Бул маалыматтын чалгындоо булактарынан CNNге чыгышы Маккензинин билдирүүлөрүнө көңүл бурду.

Маккензи кол салуудан 48 саат мурун кылдат маалымат алганын жана жогоруда аталган үйдө ДЕАШ пландоочулары бар экенин, ошол эле аймактан жардыруучу заттар жана ракеталар менен аэропортко кол салуу боло турганынын маалыматы берилгенин айткан.

Маккензинин билдирүүлөрүнөн кийин ЦРУнун булактарынан армияга эскертүү берген маалыматтардын чыгып кетиши, бул чабуул тууралуу армия менен чалгындын ортосунда тирешүү бар экенин көрсөткөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар