Сириядагы нан бышыруучу жерлерди бутага алган 174 кол салууда 801 жаран каза болду
Нан бышыруучу жерлерге карата болгон бул кол салууларда 801 адам каза болуп алардын ичинен 109 балдар, 70и аялдар болгон.
Сирияда жарандык согуш башталгандан бери нан бышыруучу жерлерге 174 жолу кол салууга учурагандыктын 801 жаран каза болду.
Жарандарга карата мыйзам бузууларды документтештирген Сирия Адам Укуктары Желеси Сирияда 2011 - жылы март жана сентябрь айларында кагылышкан топтор тарабынан бутага алынган нан бышыруучу жерлер тууралуу отчет жарыялады. Отчетто бул убакытта өлкөнүн түрдүү жерлериндеги нан бышыруучу жерлердин 174 жолу кол салууга учурагандыгы белгиленди.
Ушуга караганда режим армиясы жана Иран колдогон чет элдик террордук топтордон турган режим күчтөрү 99, Россия 50, ДЕАШ террордук уюму 4 , ДЕАШка каршы коалиция күчтөрү 9, аскердик оппозициячылдар 1 жана ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан 11 жолу нан бышыруучу жерлерге кол салды.
Нан бышыруучу жерлерге карата болгон бул кол салууларда 801 адам каза болуп алардын ичинен 109 балдар, 70и аялдар болгон.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.