Орусия Идлибге абадан кол салды
Идлибге абадан кол салууларга байланыштуу, оппозициячыл учак обсерваториясы социалдык медиа эсебинен 3 орус согуштук учагынын Латакиядагы Хмеймим базасынан учканын билдирди.
Орусия Сириядагы «Идлиб чыңалууну азайтуу зонасынын» чегиндеги Хамаме, Мазра жана Зерзур айылдарына 15 жолу абадан сокку урду.
Идлибге абадан кол салууларга байланыштуу, оппозициячыл учак обсерваториясы социалдык медиа эсебинен 3 орус согуштук учагынын Латакиядагы Хмеймим базасынан учканын билдирди.
Орус согуштук учактары тарабынан Зерзур айылына жасалган абадан кол салууда, Түркиядан жетим балдар үчүн бейөкмөт уюм тарабынан курулган брикет үйлөрү да бутага алынды.
Аба соккуларын жасаган учактардан түшкөн бомбалардын бири үйлөрдүн 100 метр жакынына түштү.
Кол салуулардан каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.