Дүйнөнүн эң чоң контейнер кемеси Суэц каналынан өттү
Бул жылы курулуп бүткөн дүйнөнүн эң чоң контейнер кемеси Ever Aceтын Суэц каналынан эч бир тоскоолдуктсуз өткөндүгү билдирилди.
Суэц каналынан биринчи жолу өткөн Тайвандын Evergreen фирмасына таандык дүйнөнүн эң чоң контейнер кемеси Ever Ace эч бир тоскоолдукка учурабастан өттү. Кеменин өтүшү үчүн атайын чаралар көрүлдү.
Бул жылы курулуп бүткөн дүйнөнүн эң чоң контейнер кемеси Ever Aceтын Суэц каналынан эч бир тоскоолдуктсуз өткөндүгү билдирилди.
Каналдын башкаруучулары Ever Given кырсыгынын кайталанбашы үчүн 400 метр узундуктагы кеменин 28 - августта каналдан өтүшү үчүн атайын чараларды көргөндүгү билдирилди.
Каландан биринчи жолу өткөн көп тонналуу кемелердин протоколу боюнча Суэц каналы башкармалыгынын төрагасы, армиянын генералы Усаме Рабие рекорддук деңгээлде контейнер ташыганы билдирилген кеменин өтүүсүнө башкы жол көрсөтүүчү катары капитан Али Ал - Аббаси менен капитан Амр Файезди милдеттендирди.
Ever Given контейнер кемеси 23 - мартта Суэц каналынан өтүп баратып катуу шамалдын айынан кургактыкка чыккан жана жүздөгөн кеменин каналдан өтүшүнө тоскоол болуп дүйнөлүк сооданын жүрүшүнө тескери таасирин тийгизген.
Алты күнгө созулган куткаруу иштеринин акырында кеме кайрадан жолго салынып, кеменин ээлери менен каналдын башкаруучуларынын ортосунда окуя себеп болгон чыгымдын ордун толтуруу боюнча келишим түзүлгөн.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.