Хусилер Йемендин Мариб шаарына кол салды

Эки күндө 150гө жакын үй  -  бүлө үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту.

1701916
Хусилер Йемендин Мариб шаарына кол салды

Иран колодогон хусилердин Йемендин Мариб шаарында акыркы мезгилде күч алган кол салууларынан улам эки күндө 150гө жакын үй  -  бүлө үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту.

Йемен Адам укуктары министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта хусилердин Марибдин Рахбе районунда баллистикалык ракеталар, учкучсуз аба аппараттары да болгон түрдүү куралдар менен жарандарга каршы кол салгандыгы белгиленди.

Маалыматта кол салуулардан улам аймактагы жарандардын үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондугу, Рахбе районунан акыркы 2 күндө 150гө жакын үй  - бүлөнүн көчкөндүгү билдирилди. Маалыматта БУУ жана бардык тийиштүү эл аралык мекемелерге адам укуктарынын сакталышы жана хусилердин кол салууларын токтотушу үчүн керектүү чараларды көрүүгө чакыруу салынды.



Тектеш кабарлар