Байден-Зеленский жолугушуусу
Жо Байден жолугушуунун алдында билдирүү жасады.
1701306
АКШнын президенти Жо Байден "Орусиянын агрессиясына каршы" Украинанын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгүнө колдоосунун уланып жатканын айтты.
Жо Байден, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ак үйдө өткөргөн бетме-бет жолугушуунун алдында Украинанын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап АКШ-Украина өнөктөштүгү маанилүү баскычта экенин баса белгиледи жана «АКШ Орусиянын агрессиясына каршы Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө колдоосун улантууда»,-деди.
Зеленский менен жолугушуусунда Украинанын Европага интеграцияланышы үчүн демократиялык реформаларды талкуулашарын баса белгилеген Байден, 60 миллион долларлык жаңы коопсуздук пакети жөнүндө да сүйлөшө тургандарын айтты.