Хамид Карзай эл аралык аэропортуна 5 ракетанын атылгандыгы билдирилди

Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда каза болгон жана жаракат алгандар болгон жок.

1699471
Хамид Карзай эл аралык аэропортуна  5 ракетанын атылгандыгы билдирилди

Афганистандын борбор шаары Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортунун жакындарындагы бир маалага 5 ракетанын түшкөндүгү билдирилди.

Афган медиасы  бир унаадан Хамид Карзай эл аралык аэропортуна  5 ракетанын атылгандыгын жарыялады.

Көргөн күбөлөрдүн айтканына караганда атылган ракеталар борбор шаардын Салим Карван мааласына келип түшкөн.

Катуу жарылуу үндөрүнөн кийин көп сандаган курал үнүнүн угулгандыгын айткан  күбөлөр адамдардын качканын айтышты.

Кол салуунун ким тарабынан жасалганы азырынча тактала элек. Жаралуу жана каза болгондордун саны тууралуу маалымат бериле элек.

Кабулда кечээ да аэропортко жакын отурукташуу жерине ракета атылып, БиБиСинин билдиргенине караганда жарылууда бир эле үй  - бүлөдөн араларында балдар да болгон 9 адам каза болгон.

Бул аймакта бейшемби күнкү ДЕАШ кол салуусунда 170 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар