Бехрем Салих Ирактын учурдагы система менен башкарыла албай тургандыгын айтты

Ирактын президенти Бехрем Салих 10 -  октябрдагы эрте шайлоо жана конституциянын өзгөртүлүшү абалдын жакшыртылышы үчүн бурулуш жери болорун белгиледи.

1699601
Бехрем Салих Ирактын учурдагы система менен башкарыла албай тургандыгын айтты

Ирактын президенти Бехрем Салих өлкөнүн азыркы система менен башкарылбай тургандыгын айтып, 10 -  октябрдагы эрте шайлоо жана конституциянын өзгөртүлүшү абалдын жакшыртылышы үчүн бурулуш жери болорун белгиледи.

Бехрем Салих Багдатта «Чечүүчү жолдор» аттуу Рафидейн форумунун ачылышында сөз сүйлөп, 10 -  октябрда боло турган эрте шайлоонун Ирактын дагы жакшы бир жерге келиши үчүн бурулуш жери болорун белгиледи.

Саясий күчтөр жана коомдун маанилүү бөлүгүнүн оң тараптары болгонуна карабастан конституциянын өзгөртүлүшүн каалагандыгын айткан Салих : «Иракты эми бул конституция жана азыркы система менен башкаруу мүмкүн эмес. Эрте шайлоо жана конституциянын өзгөртүлүшү өлкөдөгү тейлөө сапатынын арттырылышы жана абалдын жакшыртылышы үчүн бурулуш жери болушу керек. Шайлоо өзгөчө чогулган кризистердин чечилиши үчүн себеп»,- деди.

Акыркы 100 жылда Иракта сектанттык жана этникалык негизге таянган түрдүү кыргындар жана мыкаачылыктардын болгондугун баса белгилеген Салих 2003 -  жылдан кийин да өлкөдө террор жана тышкы кийлигишүү маселелери менен беттешкендерин айтты.



Тектеш кабарлар