АКШ Ооганстандан 109 миң 200 кишини эвакуациялады

АКШ акыркы 12 саатта Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортунан болжол менен дагы 4200 адамды эвакуациялады.

1698749
АКШ Ооганстандан 109 миң 200 кишини эвакуациялады

АКШ жетекчилиги эвакуация процесси башталган 14-августтан бери 109 миң 200 кишини Ооганстандан чыгарып кетти.

Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Карине Жан-Пьердин Твиттердеги билдирүүсүнө караганда, АКШ акыркы 12 саатта Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортунан болжол менен дагы 4200 адамды эвакуациялады.

Акыркы 12 саатта 12 аскердик рейс менен 2 миң 100 киши, 29 коалициялык учак менен 2 миң 100 киши эвакуацияланды.

Ушундайча эвакуация башталган 14-августтан бери АКШ тарабынан эвакуацияланган адамдардын саны 109 миң 200гө жетти.

Июлдун аягынан бери Ооганстандан эвакуацияланган адамдардын саны да 114 миң 800гө жетти.

Бир тараптан, АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Талибан Хамид Карзай эл аралык аэропортуна кирип көзөмөлдү колго алды деген айтымдарды четке какты.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби буга байланыштуу: «Талибан Кабул эл аралык аэропортуна кирген жок. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар