Нигерияда уурдалган окуучулар эркин койо берилди

Салиху Танко медресесинен 30 -майда уурдалган 136 окуучудан 70тен ашууну эркин койо берилди.

1698485
Нигерияда уурдалган окуучулар эркин койо берилди

Нигериянын Нигер штатына караштуу Тегина аймагындагы Салиху Танко медресесинен 30 -майда уурдалган 136 окуучудан 70тен ашууну эркин койо берилди.

Куралдуу кишилердин Салиху Танко медресесине жасаган кол салуусунда бир адам каза болгон.

Уурдалган окуучулардан 11и баса албай турганчалык кичинекей болгондуктан эркин койо берилген.

Окуучулардан 15и куралдуу кишилердин колунан качып кеткен болсо, алтоосу ден соолугуна байланыштуу каза болгон.

Куралдуу кишилер медресе директоруна телефон чалып 136окуучунун эркин койо берилиши үчүн 110 миллион Нигерия наирасы кун талап кылган.

Өкмөт болсо балдардын эркин койо берилиши үчүн кун төлөбөй тургандыгын билдирген. Нигериянын мамлекет башчысы Мухаммед Бухари уурдалган окуучуларды дароо койо берүүгө чакыруу салган.



Тектеш кабарлар