Марашка келген туристтердин саны 200 миңден ашты
Мараш, коронавирус (Ковид-19) шарттарына карабастан чоң кызыгуу тартууда.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (КТРК) чек араларынын ичинде жайгашкан жана 46 жылдан кийин бир бөлүгү коомчулукка ачылган Марашка келгендердин саны 200 миңден ашты.
2020-жылдын октябрь айында акырындык менен ачылуу процесси башталып, 2021-жылдын июль айынан тарта экинчи баскычынын 3,5 пайыздык бөлүгүн ачкан Мараш, коронавирус (Ковид-19) шарттарына карабастан чоң кызыгуу тартууда.
2021-жылдын 8-июнундагы акыркы тартип боюнча коомдук жерлери жергиликтүү убакыт боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин зыярат кылынган Марашка барган жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин саны 200 миңден ашты.
Газимагуса муниципалитети зыяратчылардын муктаждыктарын канааттандыруу жана алардын жагымдуу убактыт өткөрүүсүн камсыздоо үчүн күркөлөрдү жана велосипедди ижарага берүү пунктун тартуулоодо.
Зыяратка ачык жерге узундугу 800 метрден ашкан эки пляж аймагына муниципалитеттин интенсивдүү иш-аракеттери менен кол чатырлар жана шезлонгдор коюлду, куткаруучулар дайындалды.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.