Донбасста орусиячыл жикчилдер ок чыгарышты

Жикчилдердин дагы бир жолу ок атышпоону бузгандыгы кабарланды.

1698667
Донбасста орусиячыл жикчилдер ок чыгарышты

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орусиячыл жикчилдер тарабынан атылган октон бир украин аскери каза болду.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, жикчилдердин дагы бир жолу ок атышпоону бузгандыгы кабарланды.

Билдирүүдө Донбасстын Новомихайливка аймагында жикчилдер тарабынан атылган октун натыйжасында бир украин аскери каза болгону жана бул маселе боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүнө маалымат берилгени айтылды.



Тектеш кабарлар