Россия Twitter, Facebook жана WhatsAppка айып пул салды

Роскомнадзордун доо арыздары баш калаа Москванын Таганский сотунда каралды.

1697869
Россия Twitter, Facebook жана WhatsAppка айып пул салды

Россияда бир сот Twitter, Facebook жана WhatsApp социалдык медиа компанияларына "жеке маалыматтар жөнүндөгү мыйзамды бузду" деген негизде 36 миллион рубль айып пул салды.

Россиянын Федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө агенттигинин (Роскомнадзор) Twitter, Facebook жана WhatsAppка каршы доо арыздары баш калаа Москванын Таганский сотунда каралды.

Россияда жеке маалыматты коргоо мыйзамынын бузулушунан улам мыйзамдар сакталган эмес деген тыянак чыгарган сот, бул компанияларга жалпы 36 миллион рубль айып салды.

Орус мыйзамдарына ылайык, Twitter, Facebook жана WhatsApp сыяктуу ири интернет компаниялары Россияда колдонуучулардын маалыматын сактоого милдеттүү.

Өлкөдөгү ушундай мыйзам бузуулардан улам социалдык LinkedIn тармагына 2016-жылы тыюу салынган болчу.



Тектеш кабарлар