АКШда бороондон улам 140 000 үйгө электр бериле албай жатат

Род – Айленд  аймактарында 140  000 үйгө электр берилбей ; штаттын бир топ аймагында катуу болгон бороондон улам дарактар көңтөрүлүп, көпүрөлөр, жолдор жана бир топ үйлөр зыян тартты.

1695821
АКШда бороондон улам 140 000 үйгө электр бериле албай жатат

АКШнын чыгышындагы Род - Айленд штатында  катуу болгон «Генри» бороонунан улам 140 000 үйгө электр бериле албай жатат.

Саатына 95 километр ылдамдыкта жүрүп жаткан бороондон улам Лонг – Айленд жана Жаңы Англия аймактарынын тургундары суу ташкыны менен катуу шамалдан сак болуу боюнча эскертилди.

Род – Айленд  аймактарында 140  000 үйгө электр берилбей ; штаттын бир топ аймагында катуу болгон бороондон улам дарактар көңтөрүлүп, көпүрөлөр, жолдор жана бир топ үйлөр зыян тартты.

АКШнын президенти Жо Байден бороондон таасирленген штаттын тургундарына керектүү жардамдардын берилерин айтты.

АКШнын Улуттук бороон борбору «Генри» бороону алып келген катуу жааган жамгырдын сел жана суу ташкындарына себеп болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Теннесси штатындагы катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде 22 иши каза болду.



Тектеш кабарлар