Ооганстанда 3 райондун көзөмөлү Талибандан жергиликтүү топторго өттү

Жергиликтүү булактарга таянган Ооганстандын «Tolo News» каналынын кабарына караганда, жергиликтүү топтор менен талиптердин күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар болуп, эки тарап тең чоң жоготууга учурады.

1695268
Ооганстанда 3 райондун көзөмөлү Талибандан жергиликтүү топторго өттү

Ооганстандын Баглан провинциясындагы 3 районду башкаруу талибдердин колунан мурдагы администрация менен жергиликтүү топторго өттү.

Жергиликтүү булактарга таянган Ооганстандын «Tolo News» каналынын кабарына караганда, жергиликтүү топтор менен талиптердин күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар болуп, эки тарап тең чоң жоготууга учурады.

Кагылышуулардын натыйжасында, борбор Кабулдун түндүгүндө, Баглан провинциясынын Пуле Хисар, Дех Салах жана Андараб райондорунун көзөмөлү мурдагы администрацияга жана жергиликтүү топторго тиешелүү күчтөргө өткөнү кабарланды.

Үч райондо 100 миңге жакын адам, негизинен тажиктер жашайт.

Бул талибдер негизинен пуштун улутуна негизделген Кабулду басып алгандан кийин тараптардын ортосундагы биринчи конфликт экени айтылды.

Талибандар өлкөдөгү 34 провинция борборунун 33үн көзөмөлдөп турганда, Кабулдун түндүгүндөгү Пенжшир бардык райондору менен кошо талибдердин колунда боло элек жападан жалгыз ооган провинциясы.

Жергиликтүү топтор Кабул, Парван, Каписа, Майдан Вардак сыяктуу провинциялардагы аз сандагы райондорду көзөмөлдөөрү белгилүү.

BBCнин Перс кызматына маалымат берген Талибандын басма сөз катчысы Мохаммед Наим "Биз Пенжшир көйгөйүн диалог аркылуу же күч колдонуу менен чечебиз»,- деди.

Пенжширди тоолуу жана рельефсиз шарттардан улам басып алуу кыйын экени айтылган.

Советтик оккупацияга каршылык көрсөткөн оогандык белгилүү командир Ахмед Шах Масуддун уулу Ахмед Масуд Панджшир провинциясында түзүлгөн жергиликтүү топтордун башчысы экенин жарыялап, элди «Талибанга каршы күрөшүүгө» чакырды.

Баш калаа Кабулду курчап алган Талибан 15 -августта президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин шаарды чыр -чатаксыз көзөмөлгө алды.



Тектеш кабарлар