Йеменде быйыл 3 миллионго жакын бала мектепке бара албайт

Эл аралык Кызыл Чырым Комитетинин өкүлү, йемендик балдардын дүйнөдөгү бардык балдар сыяктуу эле мектепке кайтып келиши керектигин баса белгиледи.

1694892
Йеменде быйыл 3 миллионго жакын бала мектепке бара албайт

Йеменде быйыл 3 миллионго жакын бала мектепке бара албайт.

Эл аралык Кызыл Чырым Комитетинин Йемен делегациясынын башчысы Катарина Риц, жаңы окуу жылынын башталышы менен биргеликте Твиттердеги баракчасында билдирүү жасады.

Өлкөдөгү согуштун айынан жүздөгөн мектептердин кыйраганын же бузулганын белгилеген Риц, быйыл болжол менен 3 миллион баланын билимин уланта албагандыгына көңүл бурду.

Эл аралык Кызыл Чырым Комитетинин өкүлү, йемендик балдардын дүйнөдөгү бардык балдар сыяктуу эле мектепке кайтып келиши керектигин баса белгиледи.

Йеменде жаңы окуу жылы болжол менен бир жума мурун башталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам Фонду (ЮНИСЕФ) 8-августта Йеменде 8,1 миллион баланын шашылыш билим берүү жардамына муктаж экенин жарыялаган болчу.


Этикеткалар: #жаңы окуу жылынын

Тектеш кабарлар