Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Бенуэ штатында болгон кол салууларда 17 киши каза болду.

1694519
Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын Бенуэ штатында болгон кол салууларда 17 киши каза болду.

Улуттук басма сөздөгү кабарга караганда, Бенуэ штатынын Агату жана Кастина-Ала аймактарында ким экени белгисиз адамдар куралдуу кол салды.

Кол салууларда 17 адам каза болуп, көптөгөн адам жаракат алды.

Акыркы учурларда куралдуу кишилер мотоциклдер менен кол салгандыктан айрым аймактарда мотоцикл колдонууга тыюу салынган.

Бенуэде кээ кээде мал- чарбачылыгы менен алектенген фуланилер менен дыйканчылык менен алктенген айрым уруулардын ортосунда участок тууралуу келишпестиктерден улам кагылышуулар болуп турат.

Штатта акыркы жолу 3 -майда болгон кол салууларда да 17 киши каза болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар