Гутерриш Катардын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Гутерриш Катарга ыраазычылык билдирди.

1693245
Гутерриш Катардын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль-Тани менен Дохада ооган тараптар жана талибдердин ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

БУУнун Башкы катчылыгынын билдирүүсүнө ылайык, Гутерриш Аль Тани менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө Катардын талиптер менен ооган тараптардын ортосунда диалог түзүү аракетине ыраазычылык билдирди.

Гутерриш бул аракеттердин кеңири жана тынчтыкчыл өткөөлдү алып келишин каалады.

2021-жылдын 15-августунда жекшемби күнү борбор шаар Кабулду курчоого алган Талибан, президент Ашраф Гани жана өкмөттүк күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин шаарды кагылышуусуз көзөмөлгө алган.



Тектеш кабарлар