Карими Түркияга ыраазычылык билдирди

Сахраа Карими өзү менен бирге дагы 11 адамдын "куткарылганын" маалымдады.

1692707
Карими Түркияга ыраазычылык билдирди

Ооган кинорежиссёру Сахраа Карими өлкөсүнүн борбору Кабулдан кетүүсүнө жардам бергендиги үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Твиттерден "Мен тирүүмүн жана коопсузмун" деп билдирген Карими, түрк өкмөтү (Түрк элчилиги), Словакия кино жана телекөрсөтүү академиясы, Украина өкмөтү жана Словакиянын Ирандагы элчилиги ага Кабулдан чыгып кетишине жардам бергенин жазды.

Сахраа Карими өзү менен бирге дагы 11 адамдын "куткарылганын" маалымдады.

Кариминин, талиптер Ооганстандын борбору Кабулга киргенде тартып алган жана социалдык тармакта бөлүшкөн видеосу дүйнөдө жаңырык жараткан болчу.

Талиптер мурунку күнү Ооганстандын борбору Кабулду басып алышкан.



Тектеш кабарлар