Талибан : "Мынчалык оңой жана тез болорун күткөн эмеспиз"

Талибандын Катардагы Саясий бюросунун төрагасы Молла Абдул Гани Бирадер Афганистанда максаттарына тез эле жетишерин ойлобогондорун айтты.

1691983
Талибан : "Мынчалык оңой жана тез болорун күткөн эмеспиз"

 Талибандын Катардагы Саясий бюросунун төрагасы Молла Абдул Гани Бирадер Афганистанда максаттарына тез эле жетишерин ойлобогондорун айтты.

Молла Абдул Гани Бирадер Талибандын борбор шаар Кабул жана Афганистандын  дээрлик баарында үстөмдүк кургандыгына байланыштуу билдирүүсүндө : «Мындай ийгиликке ушунчалык бат жана оңой жетерибизди ойлобогонумду айтышым керек»,- деди.

Бирадер : «Бой көтөрбөшүбүз керек. Мындан мурда болуп көрбөгөндөй абдан оор жоопкерчилигибиз болот. Эми сыноо учуру. Азыркы учурда өлкөбүздүн адамдарына кызмат кылуу, коопсуздук жана турмуштук шарттарынын жакшыртылышы сыяктуу абдан маанилүү бир сынактан өтүүдөбүз. Адамдарды өмүрүн жана келечегин коргой турганыбызга көндүрүүбүз керек»,- деди.

Талибандын Катардагы Саясий бюросунун өкүлү Мухаммад Наим да Кабулда "элчиликтер, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана чет өлкөлүк жарандар үчүн эч кандай коркунуч жок экенин" белгилеп,  "жалпы өлкөнүн коопсуздугун камсыздай турганын" айтты.

АКШ менен Талибандын ортосунда 2020 - жылдын февралында түзүлгөн тынчтык келишиминин негизинде  эл аралык күчтөрдү Афганистандан чыгаруу процесси башталган.

Келишимде чет элдик күчтөргө кол салбоо каралганы менен, Катарда афган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү улантып жаткан талиптер июнь айынан бери Афганистандын көптөгөн провинция борборлорун күч колдонуу менен басып алды.

Кечээ борбор Кабулду курчоого алган талиптер президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгышы жана өкмөттүк күчтөрдүн да борбордон чыгышы менен бул жерди толук көзөмөлгө ала баштады.



Тектеш кабарлар