Дональд Трамп Байденди отставкага кетүүгө чакырды
Трамп : "Жо Байден Афганистанда болгон окуяга жол бергени үчүн уялып кызматтан кете турган убак келди",- деди.
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп талиптер Афганистандын борбору Кабулду басып алгандан кийин президент Жо Байденди отставкага кетүүгө чакырды.
Трамп жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "Жо Байден Афганистанда болгон окуяга жол бергени үчүн уялып кызматтан кете турган убак келди",- деди.
Байдендин отставкага кетүү чакырыгы тууралуу : "Бул чоң маселе болбошу керек. Анткени ал мыйзамдуу түрдө шайланган жок", - деген Трамп өзгөчө АКШ президентин өлкөдө коронавирус бейтаптарынын көбөйүшү, ички миграция, экономика жана энергетика боюнча сынга алды.
Трамп отставкага кетүү чакырыгынан мурда жарыялаган билдирүүсүндө : «Жо Байдендин Афганистанда кылганы легенда. Бул Америка тарыхындагы эң чоң жеңилүүлөрдүн бири катары тарыхта калат!" ,- деп билдирген.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.