Ооган администрациясы башкарууну өткөрүп берүү үчүн талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду

Ооганстандын Ички иштер министрлиги, талибдер борбор шаар Кабулдун четине кире баштагандан кийин администрацияны өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын жарыялады.

1691370
Ооган администрациясы башкарууну өткөрүп берүү үчүн талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду

Ооган администрациясы башкарууну өткөрүп берүү үчүн талибдер менен сүйлөшүүгө макул болду.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги, талибдер борбор шаар Кабулдун четине кире баштагандан кийин администрацияны өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр башталаарын жарыялады.

«Талибандын» басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Твиттердеги баракчасында борбор Кабулдун борборун күч менен басып албастыгын билдирди.

Мужахид Кабулдун калкынын көптүгүнөн улам кагылышууга барбай тургандыктарын, сүйлөшүүлөр аркылуу борбор шаардын борборун ээлегиси келгендиктерин жана талибдердин мүчөлөрүнө шаардын борборунун кире беришинде күтүүнү буйрук кылганын жарыялады.

Ал арада Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан кетүүнү каалаган түрк жарандарынан дароо Түркиянын Кабулдагы элчилигине кабарлоону суранды. Элчиликтин номери «+93 79 782 82 83» деп жарыяланды.

Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы талибдер Кабулга кире баштаганда эле баш калаадагы элчилигин эвакуациялаганы кабарланды.

НАТОнун билдирүүсүнө ылайык, Европа Биримдигинин көптөгөн кызматкерлери Кабулдагы коопсуз жерге көчүрүлдү.

Пакистан ошондой эле талиптердин көзөмөлүндө болгон Торхам чек арасын жапканын жарыялады.

Бул чечим Ооганстандагы «өзгөчө кырдаалга» байланыштуу кабыл алынганы маалым болду.



Тектеш кабарлар