Нигериядагы холера эпидемиясы

Эпидемиянын кесепетинен 83 адам каза болду.

1691020
Нигериядагы холера эпидемиясы

Нигериянын Кадуна аймагында холерадан 83 киши каза болду.

Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) Кадуна катчысы доктор Хамза Ибрахим Икара холера эпидемиясы Кадуна провинциясынын 19 аймагына жайылганын билдирип: «Ушул учурга чейин 1120 адамга холера диагнозу коюлду жана эпидемиянын кесепетинен 83 адам каза болду», деди.

Кырдаалды көзөмөлдөө үчүн медициналык топтордун 19 аймакка жөнөтүлгөнүн белгилеген Икара, эпидемиянын суу булагынан улам жайылганын жана тазалоо үчүн көчмө суу менен хлордун берилерин айтты.

Январь айынан бери Нигерияда холерадан 800дөн ашуун адам каза болду.



Тектеш кабарлар