Алжирдеги токой өрттөрү 65 адамдын өмүрүн алды

Алжир өкмөтү өлкөдөгү токой өрттөрүндө 42 адамдын каза болгондугун, алардын ичинен 25 адамдын аскер экендигин билдирди.

1689085
Алжирдеги токой өрттөрү  65 адамдын өмүрүн алды

Алжир өкмөтү өлкөдөгү токой өрттөрүндө 65 адамдын каза болгондугун, алардын ичинен 28 адамдын аскер, 37синин жаран экендигин билдирди.

Премьер  - министр Эймен бин Абдуррахман мамлекеттик телекөрсөтүүсүнө берген маалыматында өлкөнүн түрдүү аймактарында болуп жаткан токой өрттөрү тууралуу маалымат берди.

Бин Абдуррахман өрттөрдө 65 адамдын каза болгондугун, алардын ичинен 28 адамдын аскер, 37синин жаран экендигин айтты.

Алжирдин премьер  - министри өзгөчө Европа өлкөлөрүнөн өрт өчүрүү учактарын арендага алуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Көпчүлүгү өлкөнүн түндүк  - чыгышындагы 78 аймакта 71 жерде чыккан токой өрттөрүнөн  Тизи Визу аймагынын эң көп таасирленгендиги билдирилди.  

Алжирдин расмий маалымат агенттиги APSнын билдиргенине караганда Тизи Визуда 22, түндүк  - чыгыштагы жээк тилкесинин айланасындагы Бежая жана Тариф аймактарында 13, Жижел аймагында да 11 жерде өрт менен күрөшүү улантылууда. Алжир армиясы да өрт өчүрүү иштерине катышууда. 

Алжир маалымат агенттиги APSнын кабарына караганда өлкөдөгү 17 аймакта 103 токой өртү катталды.

Ички иштер министри Камил Билжуд жергиликтүү маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө бир убакта чыккан өрттөрдө «саботаж» тууралуу токтолушкандарын, тергөө иштеринин натыйжасында жооптуулардын ортого чыгарыларын билдирген.



Тектеш кабарлар